«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы гүл дүкөнүн ачты. Эми борбор калаанын тургундары жана коноктору ишкананын адистери өстүргөн гүлдөрдү жана идишке отургузулган декоративдүү өсүмдүктөрдү сатып ала алышат.

Салтанаттуу ачылыш аземи Ташкент көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын аймагында өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев жана «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын директору Адилет Абылбеков катышып, жаңы дүкөндүн ачылышын билдирген кызыл лентаны салтанаттуу түрдө кесишти.

Гүлдөр дүкөнүнүн ачылышы ишкананын өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам болуп, шаар тургундарына сапаттуу гүлдөрдү жана декоративдүү өсүмдүктөрдү түздөн-түз өндүрүүчүдөн сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү. Дүкөндө сунушталган бардык продукциялар «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын күнөскана чарбаларында жогорку сапат стандарттарын сактоо менен өстүрүлгөн.

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарын жана конокторун Ташкент көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан жаңы гүлдөр дүкөнүнө чакырат. Бул жерде ишкананын адистери мээрим менен өстүргөн бөлмө гүлдөрүнүн жана декоративдүү өсүмдүктөрдүн кеңири ассортименти сунушталат.