2026-жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү келечегин, анын ичинде коомдук транспорт тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле Бишкек шаарын 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн Башкы планында каралган багыттарды талкуулашты.

Заманбап коомдук транспорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, метро куруунун келечеги, трамвай тармагын өнүктүрүү, электробустарды киргизүү жана шаардагы мобилдүүлүктүн сапатын жогорулатууга, экологиялык жүктөмдү азайтууга багытталган башка заманбап транспорттук чечимдер боюнча пикир алышуу болду.

Мэрдин орун басары Рамиз Алиев транспорт системасын өркүндөтүү мэриянын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, Бишкек шаарын 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн Башкы планы транспорттук инфраструктураны комплекстүү модернизациялоону, жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шаардык чөйрөнү түзүүнү, ошондой эле экологиялык жактан таза коомдук транспортту өнүктүрүүнү карайт.

Франция тарап транспорт чөйрөсүндө шаардык жана темир жол транспорту тармагындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырган француз компанияларынын тажрыйбасын колдонуу менен Бишкек шаары менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун алкагында темир жол транспортун өндүрүү жана туруктуу шаардык мобилдүүлүк үчүн заманбап чечимдерди иштеп чыгуу жаатындагы дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын бири болгон Alstom компаниясы менен кызматташуунун келечеги да талкууланды. Компания трамвай системаларын куруу жана жаңылоо, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле интеллектуалдык транспорттук чечимдерди ишке ашыруу боюнча ири эл аралык тажрыйбага ээ.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырастап, Бишкек шаарынын транспорттук системасын модернизациялоо маселелери боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.