2026-жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Рахат Мусаева Ленин районунун аймагында жайгашкан  спорттук базаларды жана мекемелерди кыдырып, текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө объекттердин техникалык жана санитардык абалына, айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине, спорттук инфраструктуранын жаңы окуу жылына даярдыгын, ошондой эле мекемелердин спорттук инвентарлар, машыктыруучу жана медициналык жабдуулар менен камсыз болушуна өзгөчө көңүл бурулду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мекемелердин жетекчилерине объекттердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, санитардык абалды талаптагыдай деңгээлде камсыз кылуу жана аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, жаңы окуу жылына даярдыктын алкагында бардык мекемелерге объекттердин пайдаланууга 100 пайыз даяр болушун камсыздоо, өз убагында кабыл алуу жол-жобосунан өтүү жана тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматтардын даярдык актыларын алуу тапшырылды.