«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы Фрунзе - Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлүп жаткан капиталдык курулуш иштеринин алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Буга байланыштуу, 2026-жылдын 17-июлунда саат 08:30дан 19:30га чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Ысык суу төмөнкү даректердеги абоненттерде өчүрүлөт:

Тоголок Молдо көчөсү: 21, 21а (финансылык чалгындоо кызматы), 23, 23а, 23б, 25;
Логвиненко көчөсү: 28/1, 30 (№3 төрөт үйү), 30/1 (№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору), 32, 53, 55, 57, 59;
Фрунзе көчөсү: 475, 495, 497, 499;
Панфилов көчөсү: 188/1, 188/2, 190, 190/1, 200, 200а, 202, 239, 241;
Жибек Жолу проспекти: 328, 346;
Орозбеков көчөсү: 112, 114, 116, 122.