2026-жылдын 17-жана 18-июлунда саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында ачык асман алдындагы музыкалык кечелер өтөт.
Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн атайын кызыктуу программа даярдалды.
Бул музыкалык кечелерди өткөрүү борбордун маданий турмушун өнүктүрүүгө, искусствону колдоого жана үй-бүлө, достор менен чогуу эс алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды жайкы кечти жандуу музыканын коштоосунда жана жакшы маанайда өткөрүүгө чакырат!