2026-жылдын 19-июлунда саат 21:00дө Ала-Тоо аянтында Кыргыз футбол биримдигинин колдоосу менен «Шоро» компаниясы уюштурган Legend Fan Festival масштабдуу фан-зонасынын расмий ачылышы болот. Иш-чара FIFA 2026 футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинин түз көрсөтүүсүнө арналат.
Финалдык оюнду көрүү үчүн янтка жогорку сапаттагы чоң LED-экран жана заманбап үн жабдуулары орнотулат. Бул көрүүчүлөргө беттешти жогорку сапатта көрүүгө мүмкүндүк берет.
Түз көрсөтүү башталганга чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн кызыктуу маданий-көңүл ачуучу программа даярдалган. Сахнада Ulukmanapo, Jax 02.14, Freeman 996, Бегиш, Баястан, Бек Борбиев, Ния, Афток жана белгилүү диджейлер өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Мындан тышкары интерактивдүү аянтчалар, кызыктуу сынактар, баалуу белектердин ойнотулушу, ошондой эле түрдүү тамак-аштар жана сергитүүчү суусундуктар сунушталган фуд-корт уюштурулат.
Иш-чарага байланыштуу саат 19:00дөн баштап Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Эмгек даңкы аянтына чейин унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды фан-зонага келип, жылдын эң башкы футболдук окуясын бирге көрүүгө чакырат!