Электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшүнө байланыштуу суу топтомолордун иши убактылуу токтотулуп, анын себебинен суу берүү үзгүлтүккө учурады.

Электр энергиясы калыбына келтирилгенден кийин суу берүү этап-этабы менен жандандырылат. Басымды жогорулатуучу насос станциялары кол менен ишке киргизилгендиктен, “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын адистери жабдууларды кезеги менен пайдаланууга берип жатышат.

Саат 15:30га карата суу топтомолордо электр энергиясы акырындык менен калыбына келтирилип, адистер ишке киришти.

Түзүлгөн кырдаалга түшүнүү жана сабырдуулук менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз. Суу менен жабдууну калыбына келтирүү боюнча бардык зарыл иштер мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө аткарылат.