2026-жылдын 17-июлунда абанын температурасынын жогору болушуна байланыштуу Бишкек санитардык полигонунда тиричилик калдыктарынын локалдык өрт чыгуусу катталды.
Азыркы учурда Биринчи Май районунун акими Улан Сарылбек уулу жерине барып, иштин жүрүшүн жеке өзү координациялап жана көзөмөлдөп жатат. Тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, өрттү локалдаштыруу жана толук өчүрүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүп жатышат.
Өрт чыкканга чейин полигондун айрым жерлеринде температура 60 градуска чейин жеткен.
Кырдаал туруктуу көзөмөлдө.