2026-жылдын 18–19-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экстремалдык көчө спортунун федерациясы жана Бишкек шаарынын Экстремалдык көчө спортунун федерациясынын аймактык бөлүмү тарабынан, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин колдоосу менен экстремалдык көчө спортунун фестивалы өткөрүлөт.
Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын спортчулары катышат.
18-июлда «Ынтымак-2» сейил багындагы скейт-паркта BMX, скутеринг жана паркур боюнча мелдештер өтөт.
19-июлда «Адинай» сейил багында воркаут аянтчасында воркаут боюнча чемпионат уюштурулат.
Фестивалдын алкагында майыптыгы бар балдар үчүн атайын программа уюштурулат. Өзгөчө муктаждыгы бар бардык катышууну каалаган балдар иш-чарага чакырылат. Алар үчүн кызыктуу оюн-зоок программалары, сынактар жана ар түрдүү белектер даярдалган.
Фестиваль жаштар спортун өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга, көчө спортунун түрлөрүн колдоого жана эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
Өткөрүлүү убактысы:
18-июль
«Ынтымак-2» сейил багы (скейт-парк)
Саат 11:00дөн 22:00гө чейин
жарым финалдык жана финалдык мелдештер - саат 16:00дөн башталат.
19-июль
«Адинай» сейил багы (воркаут аянтчасы)
Саат 11:00дөн 22:00гө чейин
жарым финалдык жана финалдык мелдештер - саат 16:00дөн башталат.
Фестивалга кирүү акысыз.