2026-жылдын 13–14-июль күндөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо  башкармалыгы тарабынан Свердлов районунда мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча рейд өткөрдү.

Иш-чаралар Чүй проспекти Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө талаптарды бузуу менен орнотулган 36 жарнамалык объект демонтаждалды. Алардын катарына жарнамалык баннерлер, көлөмдүү тамгалар, соода объектилеринин аталыштары жазылган көрнөк-жарнактар жана Бишкек шаарынын дизайн-кодунун талаптарына жооп бербеген же архитектура тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү макулдугусуз орнотулган башка жарнамалык-маалыматтык конструкциялар кирет.

Соода объектилеринин ээлерин жана ишкерлерди көрнөк-жарнактарын жана жарнамалык конструкцияларын белгиленген талаптарга өз убагында ылайык келтирүүгө, мыйзам талаптарын бузбоого чакырабыз.