Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында мэрияда Жаш Гвардия бульварында муниципалдык автобус катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы каралды.

Кеңешмеге Октябрь районунун прокурору, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Рались Касанов, Бишкек шаары боюнча  Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын  начальнигинин орун басары Улан Саргашкаев, транспорт тармагын жетектеген жетекчилер жана жооптуу адистер катышты.

Мэрдин орун басары Атай Муратбеков кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча комиссия транспорт комплексинин ишин көзөмөлдөөнү уюштурууда бир катар кемчиликтерди аныктаганын маалымдады. Анын ичинде Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин директорунун тармакты көзөмөлдөгөн орун басарынын, ошондой эле «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директорунун ишинде да кемчиликтер белгиленген.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев негизги милдет күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу менен гана чектелбестен, кырсыктын келип чыгышына өбөлгө болгон системалык себептерди аныктап, аларды жоюу экенин баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө биздин милдет – күнөөлүүлөрдү гана жазалоо эмес, ишти уюштуруудагы кемчиликтерди аныктап, аларды жоюу жана мындай учурлардын кайталанышына жол бербөө», – деди калаа башчысы.

Кеңешменин жыйынтыгында транспорт комплексинин ишине көзөмөлдү күчөтүү, электрондук жол баракчасын киргизүүнү тездетүү, ошондой эле маалыматтарды өз убагында жаңыртып туруу үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен ыкчам маалымат алмашууну камсыз кылуу тапшырылды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында төмөнкүдөй кадрдык чечимдер кабыл алынды:

Мэрдин орун басары Рамиз Алиевге катуу сөгүш жарыяланды;
Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш жарыяланды;
Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков ээлеген кызматынан бошотулду;
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров ээлеген кызматынан бошотулду.

Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директоруна Талантбек Капаровго байланыштуу андан аркы кадрдык чечимдерди Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык карап чыгуу тапшырылды.