2026-жылдын 3–15-июль күндөрү Индонезия Республикасынын Жакарта шаарында 23 жашка чейинки (U-23) жана 19 жашка чейинки (U-19) спортчулар арасында бокс боюнча Азия чемпионаттары өттү.
Жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын курамында өлкөбүздү татыктуу көрсөтүп, жалпысынан 5 коло медаль жеңип алышты.
U-23 Азия чемпионатынын жыйынтыгында коло байгеге ээ болгондор:
- Сагын Сатылбалды уулу (80 кг чейин);
- Мухамед Дурсунов (90 кг чейин, жеке машыктыруучусу – К.Б. Мусакунов).
U-19 Азия чемпионатынын жыйынтыгында коло медалга ээ болгондор:
- Нурпери Макешова (57 кг чейин, машыктыруучусу – К.Б. Мусакунов);
- Мээрим Чыныбекова (80 кг чейин, машыктыруучусу – Б.М. Монолдоров);
- Арваз Ахмади (75 кг чейин, машыктыруучусу – Б.М. Монолдоров).
Спортчуларды ийгиликтүү жыйынтыгы менен куттуктап, алдыдагы эл аралык мелдештерде дагы бийик ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайбыз!