Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-июлунан тарта «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы коомдук транспортто жол кирени альтернативдүү төлөм ыкмалары аркылуу төлөө тартибинин сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө көзөмөлчүлөр жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөндүгүн, ошондой эле банктык карта, QR-код же башка альтернативдүү төлөм ыкмалары аркылуу төлөм жүргүзүлгөн учурда аны ырастаган электрондук же кагаз түрүндөгү чектин (квитанциянын) бар экендигин текшеришет.

Рейддердин негизги максаты — жол кирени төлөө тартибинин сакталышын камсыз кылуу, төлөм системасынын ачыктыгын жогорулатуу жана коомдук транспорт кызматтарынын сапатын жакшыртуу.

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы бардык жүргүнчүлөрдү жол кирени өз убагында төлөөгө жана төлөмдү ырастаган чекти же квитанцияны текшерүү аяктаганга чейин сактап жүрүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык, коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөр административдик жоопкерчиликке тартылып 1 000 сом өлчөмүндө айып пул төлөйт.

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарын жана конокторун коомдук транспортту пайдалануунун белгиленген эрежелерин сактоого жана жол кирени өз убагында төлөөгө чакырат.