«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы Жал айылында көчө жарыгын орнотуу иштерин аяктады. Алгачкы жолу узундугу 4 чакырымдан ашык болгон айланма жолдон Жал айылына чейинки унаа жолу тышкы жарыктандыруу менен камсыздалды.

Жаңы көчө жарыгын ишке берүү иш-чарасына Ленин районунун акиминин орун басары Нурсултан Бейшенбек уулу, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Мухамедали Жекшенов, ошондой эле айыл тургундары катышты.

Долбоордун алкагында 152 заманбап LED жарык чырагы орнотулуп, 96 тышкы жарыктандыруу мамысы коюлуп, 6 миң метрден ашык кабелдик линиялар тартылды.

Негизги жолдон тышкары, айылдын ички көчөлөрү да жарыктандырылды. Алар: Орок көчөсүнөн Бакен-Ата көчөсүнө чейинки тилке, ошондой эле Нияз-Ата, Аланов Сатке жана Гагарин көчөлөрү.

Айыл тургундары аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирип, көчө жарыгынын орнотулушу менен түнкү убакта жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугу жогорулап, өзгөчө балдар, улгайган адамдар жана жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн белгилешти.