2026-жылдын 16–19-июль күндөрү Иорданиянын Амман шаарында өспүрүмдөр жана жаштар арасында дзюдо боюнча Азия чемпионаты өттү.
Спорттун жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары Кыргыз Республикасын татыктуу көрсөтүп, байгелүү орундарды багындырышты.
Өспүрүмдөр арасында:
•Ырысдолотов Мухаммедали (90 кг чейин) — 3-орун;
•Акматова Сумая (70 кгдан жогору) — 3-орун.
Жаштар арасында:
•Мелисов Данияр (90 кг чейин) — 2-орун;
•Полтушев Даут (100 кг чейин) — 3-орун;
•Сухинин Илья (100 кгдан жогору) — 3-орун.




