Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан №56 муниципалдык орто жалпы билим берүү мектебинин имаратын капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Мектеп 1971-жылы курулуп, 800 окуучуга ылайыкталган. Окуучулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу 1989-жылы негизги имаратка кошумча окуу корпусу курулуп, ал дагы 600 окуучуга ылайыкталган.
Бүгүнкү күндө объектте демонтаждоо иштери, ага чектеш аймакты кайра пландоо, ошондой эле имараттын фасадында метал негиздерин орнотуу жана башка курулуш-монтаж иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы мектепке комплекстүү капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп, окуучулар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү шарттарын түзөт.
Курулуш иштерин «Евразия Строй» ЖЧКсы жүргүзүүдө.


