Муниципалдык жер тилкелерин натыйжалуу пайдалануу жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү максатында Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын аймагында коомдук дааратканаларды жайгаштыруу укугу боюнча аукцион өткөрүүнү демилгеледи.

12-июндан 15-июлга чейин өткөрүлгөн аукционго 12 жер тилкеси коюлуп, алардын үчөө боюнча жеңүүчүлөр аныкталган.

Учурда 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, 12-кичи райондогу №62 үйдүн жанында, ошондой эле Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жер тилкелери боюнча келишимдер түзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы калган 9 жер тилкесин кайрадан аукционго чыгарды:

* Кочкор көчөсү – Тыныбеков көчөсү;
* Муром көчөсү – Айни көчөсү (№4 шаардык оорукананын жанындагы сквер);
* Айни көчөсү, 209 (жаңы парк);
* Бакаев көчөсү – Айни көчөсү (Островский көчөсү, 41);
* Профсоюз көчөсү – Патрис Лумумба көчөсү;
* Шевченко көчөсү, №12 үйдүн жанында;
* Фере көчөсү – Дзержинский көчөсү («Кыргызстандын 40 жылдыгы» паркы);
* «Кожзавод» паркы;
* Чокморов көчөсү – Шевченко көчөсү.

Бишкек шаарынын мэриясы кызыкдар болгон ишкерлерди ачык аукционго катышууга чакырат.

Кошумча маалыматты төмөнкү сайттан алууга болот: https://auctionetp.gov.kg/msu/