Бишкек шаарында жашаган 2014–2015-жылдары туулган балдар арасында өткөрүлүп жаткан жайкы спартакиаданын II этабы башталды. Мелдешке биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн командалар катышып, борбор калаанын төрт районундагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) өкүлдөрү күч сынашууда.

Спартакиаданын негизги максаты — жайкы каникул мезгилинде балдар арасында дене тарбияны жана массалык спортту өнүктүрүү, келечектүү жаш спортчуларды аныктап, аларды Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектептерине (ОРАБӨМ) тартуу, ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыктардагы жана конуштарындагы спорт инструкторлордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Мелдештин программасына спорттун жети түрү киргизилген: кичи футбол, чүкө, эстафета, аркан тартыш, пионербол, шашки, дартс.

Жайкы спартакиада үч этапта өткөрүлөт. Райондук этаптын жыйынтыгында жеңүүчү командалар шаардык финалга жолдомо алышат. Шаардык финал 2026-жылдын 21–28-июль күндөрү өткөрүлөт.

Жайкы спартакиаданы Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурууда.