Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфраструктурасын модернизациялоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен реконструкциялоо иштери улантылууда.
2026-жылдын 22-июлунан тартып иштердин бешинчи этабы башталат. Реконструкция убагында Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки тилкеде жолдун бир тарабы жабылат.
Унаалардын кыймылы эки багытта тең жүрүү мүмкүнчүлүгүн сактоо менен жолдун каршы тарабы аркылуу уюштурулат.
Көчөнү толугу менен жабуу каралган эмес. Унаалардын эки багыттагы кыймылы жүрүүчү бөлүктүн бир тарабы менен жүргүзүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен кароого, жол белгилеринин талаптарын жана жөнгө салуучулардын көрсөтмөлөрүн сактоого, ошондой эле мүмкүн болсо жүрүү багытын алдын ала пландаштырууга чакырат.