Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Нуркожо-Ата» жана «Адилет» конуштарынын тургундары менен жеринен көчмө жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар жолдорду кеңейтүү, коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, таза суу менен камсыздоо, ошондой эле жер мунапысынын алкагында корголуучу аймакта жайгашкан 300гө чукул жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселелерин көтөрүштү.

Ошондой эле тургундар ашар ыкмасы менен селден коргоочу дамба курууну сунушташты. Талкуунун жыйынтыгында мэр селден коргоочу дамбанын курулуш долбоорун кароону жана бардык тобокелчиликтерди талкуулап, бул маселени андан ары деталдуу иштеп чыгуу үчүн комиссия түзүүнү тапшырды.

«Нуркожо-Ата» конушунун аймагында суу топтоочу курулманы  курууга жана эски мектептин ордундагы бала бакчанын аймагын кеңейтүүгө каралган 6 гектар аянттагы жер тилкеси бар. Мэр бул жер тилкесин алмашуу же сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Мындан сырткары, мурда дзюдо секциясынын тарбиялануучулары машыгып келген имарат боюнча да маселе көтөрүлдү. Шаар башчысы машыгууларды убактылуу мектептин спорт залына которууну, ошондой эле жаңы дене тарбия-чыңдоо комплексинин курулушун иштеп чыгууну тапшырды. Секцияда «Нуркожо-Ата», «Адилет», «Келечек», «Ак-Жар», «Калыс-Ордо», «Тендик», «Ак-Бата», «Дордой» жана «Ак-Тилек» конуштарынан келген балдар машыгышат.

Андан соң Айбек Джунушалиев «Ак-Бата» конушуна барып, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча мэр курулуш иштеринин сапатын жана мөөнөттөрүнүн сакталышын көзөмөлдөөнү, ошондой эле мектепти газ менен жылытуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.