Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча штабдын жыйынында техникалык жактан мүмкүн болгон бардык муниципалдык унаа токтотуучу жайларда майыптыгы бар адамдар үчүн атайын унаа орундарын уюштуруу тапшырмасы берилди.

Төрт райондук администрациянын башчыларына “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасы менен биргеликте муниципалдык унаа токтотуучу жайларды текшерүү, атайын унаа токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн учурдагы жана мүмкүн болгон жерлерди аныктоо, ошондой эле бул ишти өзгөчө көзөмөлгө алуу зарылчылыгы белгиленди.

Жыйынтыктар боюнча райондук администрацияларга, милициянын патрулдук кызматынын башкармалыгына жана “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасына буга чейин уюштурулган унаа токтотуучу жайлардын саны, алардын жайгашуусу, ошондой эле майыптыгы бар адамдар үчүн унаа токтото турган орундарды түзүү мүмкүн болгон кошумча тилкелер жөнүндө маалымат берүү милдети коюлду.