Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Элебесов, Безымянная жана Кожевенная көчөлөрүн реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Элебесов көчөсүн кыдыруу учурунда борбор калаанын башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, канализация курууга тиешелүү суроолорун укту. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча мэр «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасына үч күндүк мөөнөттө канализация тармактарын тартуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп чыгууну жана расмий жооп берүүнү тапшырды.
Кожевенная көчөсүндө Айбек Джунушалиев реконструкциялоо зонасына түшүп калган тосмолорду, анын ичинде КР ӨКМнин № 2 өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүнүн тосмосун алууну тапшырды. Андан соң мэр Кыргыз көчөсүнүн Саадаев көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгүн көрүп чыкты.
Долбоорго ылайык, узундугу 4,1 чакырымды түзгөн бул тилкеде жол толук реконструкцияланып, унаа жүрүүчү бөлүгү төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун жалпы туурасы 16 метрди түзөт. Ошондой эле эки тротуар курулуп, ирригациялык система орнотулат жана учурдагы көпүрө кеңейтилет.
Шаар башчысы алгач бул тилкеде жолду гана реконструкциялоо пландалганын белгиледи. Бирок тургундардын кайрылуулары жана мэриянын жаңы талаптарынын негизинде биринчи кезекте канализация тармактарын куруу чечими кабыл алынган. Учурда иштин биринчи этабы катары канализация түтүктөрү тартылып жатат, бул иштер аяктагандан кийин жолго асфальт төшөлөт.
«Адегенде жолду куруп алып, бир нече жылдан кийин кайра канализация өткөрүү үчүн аны бузуу туура эмес», — деди Айбек Джунушалиев.
Жаңы канализация тармагы болжол менен эки миңге жакын тургунду бул кызмат менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мэр курулуш иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, шаар тургундарына ыраазычылык билдирди.











