2026-жылдын 22-июлунда «Тунгуч» театрында көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу азем болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан мамлекеттик сыйлыктарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тапшырды.

Жогорку мамлекеттик сыйлыктарга жалпы 181 көп балалуу эне татыктуу болду. Алардын ичинен 92 энеге «Баатыр эне» ордени, ал эми 89 энеге «Эне даңкы» медалы ыйгарылды.

Салтанаттын катышуучуларын куттуктап жатып, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев энелерге балдарына көрсөткөн камкордугу  жана татыктуу тарбиясы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал үй-бүлөдө руханий-адеп-ахлактык баалуулуктар, улууларды урматтоо,   мекенди сүйүү жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчилик калыптанарын баса белгиледи.

«Үй-бүлө ар дайым коомдун негизги тиреги болуп келген жана боло берет, ал эми эне — сүйүүнүн, акылмандыктын жана жашоо күчүнүн булагы. Сиздердин күнүмдүк эмгегиңиздердин, сабырыңыздардын жана камкордугуңуздардын аркасында балдар татыктуу инсан болуп өсүп, өлкөсүнө пайда алып келе турган инсан болуп калыптанууда.

Биз энелерди колдоого, үй-бүлөлөрдүн бакубат жашоосуна шарт түзүүгө, балдардын коопсуз, сапаттуу билим алып, бактылуу чоңоюшу үчүн бардык аракеттерди мындан ары да уланта беребиз», — деп белгиледи шаар мэри.

Иш-чара балдарды тарбиялоого өмүрүн арнаган жана үй-бүлө институтун чыңдоого зор салым кошкон энелерге болгон терең урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын белгиси болду.

Иш-чаранын соңунда концерттик программа уюштурулду.