Жыл сайын 30-июлда белгиленүүчү Адам сатууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата оор кырдаалда турган балдар үчүн «Айданек» жана «Акниет» борборлорунун тарбиялануучуларына адам сатуунун алдын алууга жана укуктук сабаттуулукту жогорулатууга багытталган маалыматтык-түшүндүрүү лекциясы өткөрүлдү.
Лекцияны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, милициянын подполковниги Чолпон Назаркулова өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тарбиялануучуларга адам сатуу көйгөйү, кылмыштуу схемаларга азгыруунун кеңири таралган ыкмалары, коопсуз жүрүм-турум эрежелери тууралуу маалымат берилип, мүмкүн болгон коркунучтарды кантип аныктоо жана кооптуу жагдай жаралган учурда кайсы мекемелерге кайрылуу керектиги түшүндүрүлдү.
Ошондой эле жеке коопсуздукту сактоо, өз аракеттери үчүн жоопкерчиликти сезүү жана шектүү жагдайлар пайда болгондо укук коргоо органдарына өз убагында кайрылуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай иш-чаралар балдардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана адам сатууга байланыштуу кылмыштардын алдын алууга жардам берет.




