2026-жылдын 17–21-июль күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өспүрүмдөр жана жаштар арасында суу спортунун түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өттү.
Эл аралык мелдешке Азиянын 33 өлкөсүнөн 670 спортчу катышып, бул турнир жаш сүзүүчүлөр үчүн сезондогу эң ири мелдештердин бири болду.
«Дельфин» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин (ОРАБӨМ) тарбиялануучусу Михаил Хегай ийгиликтүү оюн көрсөттү. Ал өспүрүмдөр арасында 400 метр аралыкка эркин сүзүүдө коло медаль жеңип алып, өзүнүн спорт мектебин жана Кыргыз Республикасын эл аралык аренада татыктуу таанытты.

