Бишкек шаарынын райондорунда чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын сактоосун көзөмөлдөө максатында биргелешкен рейддик иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүүдө.
Иш-чараларга шаардык администрациялардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, ошондой эле Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын өкүлдөрү катышууда.
Рейддердин жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында болуу эрежелерин сактоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Катышуучуларга коомдук тартиптин нормаларын, ага чектеш аймактарды санитардык тазалыкта кармоону жана колдонудагы мыйзамдарды сактоо зарылдыгы да эскертилүүдө.
Мындай рейддик иш-чаралар миграциялык мыйзамдарды бузуулардын алдын алуу, коомдук тартипти камсыз кылуу, ошондой эле борбор калаанын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.