Бишкек шаарынын мэриясы жарандардын көңүлүн ижарадагы муниципалдык мүлккө карата укуктарды ижарачылар менен келишим түзүү аркылуу сатып алууга жол берилбестигине бурат.

Муниципалитеттин жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо максатында муниципалдык мүлктү убактылуу (мөөнөттүү) пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө чектөө киргизилди.

Ошондой эле муниципалдык мүлктү финансылык-кредиттик мекемелерге күрөөгө коюуга тыюу салынганын маалымдайбыз.

Бул чаралар муниципалдык мүлктү пайдаланууга байланыштуу талаштуу жагдайлардын келип чыгышын алдын алууга, соттук териштирүүлөргө жол бербөөгө, ошондой эле муниципалдык менчикке ар кандай укуктук оорчулуктардын жаралышына бөгөт коюуга багытталган.

Ижарачылар муниципалдык мүлктү пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу учурлары аныкталды.

 Мында Бишкек шаарынын мэриясы мындай бүтүмдөрдүн тарабы болуп саналбайт жана жаңы пайдалануучу менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартууга кепилдик бербейт.

 Мындай укуктарды сатып алган адамдар ижара келишимин узартуудан баш тартуу тобокелдигин өздөрү көтөрүшөт.

Эске салабыз, муниципалдык мүлк өзгөчө укуктук коргоодо турат. Муниципалдык мүлккө карата укуктарды тескөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана анын чегинде гана жүзөгө ашырылат.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды сак болууга жана мыйзамдуу негиздер болбосо, ижарачылардан муниципалдык мүлккө карата укуктарды сатып алууга байланыштуу эч кандай келишимдерди түзбөөгө чакырат.