Бишкек шаарында жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер улантылууда.
2026-жылдын 23-июлунан тартып Чыңгыз Айтматов проспектисинин Горький көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде жолдун үч тилкелүү бөлүгүн талаптарга ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоорду ишке ашыруунун негизги максаты — магистралдагы өтмөктү кеңейтүү, жол тыгындарын азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу.
Иштер аяктагандан кийин аталган тилкеде унаа кыймылы кыйла ыңгайлуу болуп, өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулайт.
Учурда курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Иштердин жүрүшүндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана айдоочуларды жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууга, каттамдарын алдын ала пландаштырууга жана убактылуу жол белгилеринин талаптарын сактоого чакырат.