Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган мэриянын борбордук аппаратынын жамааты Ататүрк паркында өткөн ишембиликке катышты. Ишембиликке ошондой эле Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери да кошулду.
Ишембиликтин жүрүшүндө катышуучулар парктын аймагын тазалап, сейилдөө жолдорун жана ага чектеш тилкелерди иретке келтиришти.
Андан кийин шаар мэри парктын аймагын кыдырып чыгып, реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле подряддык уюмга жана тиешелүү шаардык кызматтарга калган иштерди аягына чыгаруу жана объектти мындан ары талапка ылайык жасоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Кыдыруунун алкагында мэр парктын аймагында жайгашкан йога менен машыгуу залына да барды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Экологиялык кеңештин катышуучулары мурда көтөргөн демилгенин негизинде, бул имаратты майыптыгы бар балдар менен сабактарды өткөрүү үчүн берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.
Парктын директорунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө объектти реконструкциялоо иштери 99%га аяктады.
Ататүрк паркын жаңылоонун алкагында ички жөө жүргүнчүлөр жолдору толугу менен жаңыланып, жаңы асфальт төшөлдү, заманбап балдар аянтчалары курулуп, шаардыктардын эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Мындан тышкары, парктын аймагында шахмат ойноо үчүн атайын аянтча жана йога залы ачылып, бул тургундардын активдүү жана пайдалуу эс алуусу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Парктын директорунун маалыматы боюнча реконструкция башталганга чейин паркта болжол менен 14 миңге жакын жашыл көчөт болгон. Оңдоо иштеринин жүрүшүндө авариялык абалдагы жана куураган 197 дарак алынды. Жазгы көчөт отургузуу өнөктүгүнүн алкагында кошумча 600 жаңы көчөт отургузулуп, алдын ала маалымат боюнча алардын дээрлик 100 пайызы жакшы өсүп жатат.
Реконструкциядан кийин парк борбор калаанын тургундары менен конокторунун арасында абдан популярдуу болуп жатканы белгиленди. Эс алгандардын эң көп агымы күн сайын саат 16:00дөн 00:00гө чейинки аралыкта катталууда.
Өз кезегинде Октябрь районунун акими Жолдошбек Чуштуков коомдук коопсуздукту жогорулатуу максатында парктын аймагында жүздү таануу функциясы бар видеобайкоо камераларын орнотуу пландаштырылып жатканын кабарлады.


















