2026-жылдын 24-июлунда Ала-Тоо аянтында ачык асман алдындагы кезектеги музыкалык кече болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева катышты.
Бул кечте борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкбаевдин жетекчилиги алдындагы «Энесай» фольклордук-эстрадалык тобу өнөрүн тартуулады. Артисттер кыргыз элдик музыкасынан жана популярдуу эстрадалык чыгармаларынан турган бай программаны сунушташты.
Иш-чара жылуу жана майрамдык маанайда өттү. Салкын жайкы кеч, фонтандар жана сүйүктүү чыгармалардын жандуу аткарылышы менен көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулады. Борбор калаанын тургундары менен коноктору ачык асман алдындагы бул жагымдуу кечти кубануу менен өткөрүп, артисттерди чын жүрөктөн чыккан кол чабуулар менен колдоп жатышты.



