Бишкек шаарында спорттук инфраструктураны жаңылоого багытталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча эки долбоорду ишке ашыруу үчүн жеке өнөктөштөрдү тандоо боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Сынак Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте уюштурулду.

Долбоорлор Тоголок Молдо көчөсү, 17А жана 4-кичи район, 14/2 даректеринде жайгашкан жабык теннис комплекстерин реконструкциялоону жана жеңил конструкцияларды курууну карайт.

Долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында жыл бою иштей турган заманбап жабык теннис комплекстери түзүлөт. Бул жарандардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, машыгуу процессине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле Бишкек шаарында массалык жана кесиптик теннистин өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Конкурстук комиссия сунуштарды кароонун жыйынтыгында «Прайм Корт» ЖЧКсынын жана «Октопус Интернешнл» ЖЧКсынын сунуштары конкурстук документтердин талаптарына жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун шарттарына ылайык келерин аныктады.

Бишкек шаарынын 4-кичи району, 14/2 дареги боюнча «Жабык теннис комплексин реконструкциялоо жана жеңил конструкцияларды куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча келишим түзүү укугуна өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүсү болуп «Прайм Корт» ЖЧКсы табылды.

Ал эми Тоголок Молдо көчөсү, 17А дареги боюнча ушундай эле долбоордун жеңүүчүсү болуп «Октопус Интернешнл» ЖЧКсы аныкталды.