2026-жылдын 24-июлунда №62 жалпы билим берүүчү орто мектебинин базасында 2014–2015-жылы туулган балдар арасында Бишкек шаарынын жайкы спартакиадасынын финалдык этабынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов катышты. Ал өзүнүн куттуктоо сөзүндө финалга чыккан катышуучуларды куттуктап, аларга ак ниет атаандаштыкты, ийгиликтерди жана жаңы спорттук жетишкендиктерди каалады. Ошондой эле спорт менен машыгуу ден соолукту чыңдап, мүнөздү, тартипти жана алдыга умтулууну калыптандырарын белгиледи.
Ошол эле күнү күндүн биринчи жарымында жыйынтыкталган спорт түрлөрү боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Кичи футбол:
- 1чи жана 2-орундарды Ленин районунун командалары ээледи;
- 3-орун - Октябрь районунун командасы.
Пионербол:
- 1чи жана 2-орундарды Ленин районунун командалары ээледи;
- 3-орун - Свердлов районунун командасы.
Жайкы спартакиада үч этап менен өткөрүлдү. Биринчи этапта мелдештер муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) арасында уюштурулуп, андан соң райондук этап өттү. Ар бир этаптын жыйынтыгында күчтүү командалар кийинки баскычка өтүп, шаардык финалга чыгуу укугуна ээ болушту.
Спартакиаданын программасына жети спорт түрү киргизилди: кичи футбол, чүкө, эстафета, аркан тартыш, пионербол, шашки жана дартс.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышат.
Жайкы спартакиада сергек жашоо образын жайылтуу, балдар спортун өнүктүрүү, келечектүү жаш спортчуларды аныктоо жана жайкы каникул мезгилинде балдардын бош убактысын пайдалуу уюштуруу максатында өткөрүлүүдө.



