Бишкек шаарынын Ленин районунда капиталдык оңдоодон кийин Лущихин көчөсү ачылды.

Жумуштар Лев Толстой көчөсүнөн тартып, узундугу 600 метрлик тилкеде аткарылды. Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө жаңы асфальт-бетон төшөлүп, заманбап ирригациялык система орнотулду, ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жана коопсуз кыймылы үчүн тротуарлар салынды.

Бул долбоорду ишке ашыруу транспорттук инфраструктураны жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана район тургундары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Асфальт-бетон төшөө жана курулуш-монтаждоо иштерин «СУ-4 Кара-Балта» ЖЧКсы ишке ашырды.