Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы өз ыйгарым укуктарынын алкагында муниципалдык жерлерди мыйзамсыз жайгаштырылган объектилерден бошотуу иштерин улантууда.

Текшерүү жүргүзүүгө Тыныстанов көчөсү, 197/1 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочусунун кирүү топторунун жана бастырмалардын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча кайрылуусу негиз болгон.

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында Башкармалыктын кызматкерлери объекттердин ээлерине укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтерди көрсөтүү талабы менен билдирмелерди тапшырышкан. Бирок объекттердин ээлери тарабынан Башкармалыкка тиешелүү документтер берилген эмес.

Буга байланыштуу Бишкек башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү шаардык кызматтардын катышуусунда комиссиялык көчмө текшерүү уюштурулган.

Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында «24.kg» маалымат агенттиги, M-Maxima компаниясы жана GetGrant билим берүү борбору жайгашкан объекттердин бастырмалары жана кирүү топтору тиешелүү уруксат берүүчү жана укук белгилөөчү документтерсиз өз алдынча курулгандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча тиешелүү акт түзүлүп, андан соң объекттердин ээлерине аныкталган мыйзам бузууларды ыктыярдуу түрдө жоюу талабы менен доомат кат жөнөтүлгөн.

Учурда Башкармалык тарабынан мыйзамсыз орнотулган конструкцияларды  демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Демонтаж иштеринин жүрүшүндө «24.kg» маалымат агенттиги жайгашкан жайга алып баруучу жеңил темир тепкичтин конструкциясы жашыл бакка зыян келтиргени аныкталды.
Аймак бошотулгандан кийин бул жерде жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан 2025-жылы 8 миңден ашуун мыйзамсыз объект демонтаждалса, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6 миңден ашуун объект алынган.

Бишкек шаарынын мэриясы объекттердин ээлерине жана ишкерлерге кирүү топторун, бастырмаларды, кошумча курулуштарды жана башка конструкцияларды тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз курууга тыюу салынарын эскертет. Ошондой эле муниципалдык жерлерди өз алдынча кеңейтүүгө жана мыйзамсыз пайдаланууга жол берилбейт.