Бишкек шаарынын мэриясы жеке мобилдүүлүк каражаттарын (ЖМК) пайдаланган жарандарга электр самокаттарын ижарага алуу кызматтарын колдонууда камсыздандыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертет.

Колдонуучулардын коопсуздугун жогорулатуу жана алардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо максатында электр самокаттарын ижарага берүү кызматын көрсөткөн компаниялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык жоопкерчиликти жана келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти камсыздандырууну ишке ашырууга укуктуу.

Камсыздандыруу жол-транспорт кырсыгы же жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон башка күтүлбөгөн жагдайларда кошумча каржылык коргоону камсыз кылат.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык колдонуучуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жолдо этият болууга жана өз коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.