Бишкек шаарында тышкы жарыктандыруу тармагын жаңылоо жана тургундардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча иштер уланууда.
Шаардык инфраструктураны модернизациялоонун алкагында А. Масалиев проспектисинин Чортеков көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки жалпы узундугу 4 чакырымдан ашкан тилкесинде тышкы жарыктандыруу тармагы толугу менен жаңыланды.
Аткарылган иштердин жүрүшүндө 180 жаңы жарык берүүчү мамы орнотулуп, 360 заманбап энергияны үнөмдөөчү чырак коюлду.
Долбоордун ишке ашырылышы жол кыймылынын катышуучуларынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга, түнкү убакта көрүнүүнү жакшыртууга, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.










