24.KG маалымат агенттигинде жарыяланган маалыматтарга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы Тыныстанов көчөсү, 197/1 дарегинде жайгашкан объекттин демонтажы жалпыга маалымдоо каражаттарындагы сын макалаларга байланыштуу эмес экенин билдирет.

Демонтаж иштерин жүргүзүүгө көп кабаттуу үйдүн тургунунун аталган даректеги кире бериш конструкцияларынын жана бастырмалардын мыйзамдуулугу боюнча кайрылуусу негиз болгон.

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы өз ишин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына жана өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде гана жүргүзөт. Мыйзамда каралган бардык жол-жоболор толук сакталган. Объекттин ээсинен тиешелүү документтер талап кылынган жана белгиленген тартипте ага тиешелүү эскертүү берилген.

Бишкек шаарынын мэриясы ачыктык жана бардык жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирдей кызматташуу принциптерин карманат. ЖМК өкүлдөрү шаардык маанилүү иш-чараларды, анын ичинде Экологиялык кеңештин, Жол кеңешинин жыйындарын чагылдырууга үзгүлтүксүз чакырылып турат.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттарынан келип түшкөн суроо-талаптарды жана кайрылууларды мыйзамда белгиленген тартипте карап чыгып, мүмкүн болушунча ыкчам жооп берүүгө умтулат.

Жер пайдалануу жана көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана жоюу боюнча иштер Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан туруктуу негизде жүргүзүлүп келет жана мындан ары да улантылат. Алсак, 2025-жылы мыйзамсыз орнотулган 9 784 объект демонтаждалса, ал  эми  2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында алардын саны 6 163кө жетти.