Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында борбор калаада жер мунапысын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жер мунапысына кирген материалдарды кароо боюнча системалуу ишин улантууда.

28-июлда Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө жалпы 81 материал каралды, анын ичинде ААР жер тилкелери боюнча 65 материал каралды.

Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан объекттер боюнча 16 материал каралды. Жыйынтыгында 10 материал боюнча бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды, бир материал кайра кароого жөнөтүлдү. Калган материалдар боюнча комиссия белгиленген тартипке ылайык тиешелүү чечимдерди кабыл алды.

ААР жер тилкелери боюнча 65 материал каралды. Алардын ичинен 60 материал бекитилди, төрт материал коомдук билдирүүгө жөнөтүлдү. Калган материалдар боюнча да комиссия колдонуудагы тартипке ылайык тиешелүү чечимдерди кабыл алды.

Бишкек шаарында жер мунапысын ишке ашыруу боюнча иштер уланууда. Материалдарды кароо жер пайдалануу маселелерин жөнгө салуу жана колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жер тилкелерине болгон укуктарды жол-жоболоштуруу максатында туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.