Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Мадина» базарына байланыштуу кырдаалга комментарий берип, ишкерлердин жаңы соода базарына көчүүсү тууралуу суроолорго жооп берди.
Шаар башчысы белгилегендей, «Мадина» базары да, ишкерлер этап-этабы менен көчүрүлө турган жаңы базар да жеке менчик болуп саналат. Ошол эле учурда мэрия менчик ээлеринин чарбалык ишине кийлигишпейт, бирок ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрөт.
Буга чейин «Мадина» базарынын ээлери соода жайын жабууну пландаштырган. Бул себептен мэрия ижарачылардын укуктарын камсыз кылуу жана кырдаалды жөнгө салууга укуктук шарттарды түзүү максатында тийиштүү билдирүү жөнөткөн.
Айбек Джунушалиев буга чейин ишкерлер менен биргеликте жаңы базарга барганын эске салды. Текшерүүнүн жүрүшүндө соода орундарын толук ишке киргизүүдөн мурда жоюлушу керек болгон бир катар кемчиликтер аныкталган.
Ошондой эле ишкерлердин демилгеси менен макулдашуу комиссиясы түзүлгөн. Бирок учурда комиссия күтүлгөн натыйжаны бербегендиктен, анын ишин аяктоо чечими кабыл алынды. Мэрдин айтымында, комиссиянын курамына кирген ишкерлердин өкүлдөрү бирдиктүү позицияны иштеп чыгып, аны калган соодагерлерге да, шаар тургундарына да жеткире алышкан эмес.
Шаар башчысы соода орундарын ижарага берүү маселесине да өзүнчө токтолду. Ал ижаранын азыркы шарттары сакталарын баса белгилеп, ошол эле учурда жаңы базардын ээлерине ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылганын билдирди.Муну менен катар ижара укугун өткөрүп берүү же сатып алуу учурдагы тартипте каралган эмес. Мындай укуктарды өткөрүп бергени үчүн акча каражаттарын алуунун буга чейинки тартиби ыйгарым укуктуу органдар тарабынан укуктук баа алып, мындан ары токтотулушу тийиш. Маалыматка ылайык, мындай «укуктарды өткөрүп берүүнүн» баасы 1 чарчы метр үчүн 3 миң АКШ долларынан башталып, айрым учурларда 240 миң АКШ долларына чейин жеткен.
Айбек Джунушалиев ошондой эле «Мадина» базары 1-августтан тарта жабылбай турганын кабарлады. Анын тапшырмасы менен буга чейин берилген билдирүү кайра чакыртылып алынат. Ишкерлерге жаңы жерге жайгашып алуу үчүн этап-этабы менен көчүүгө кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мезгил берилет. Муну менен катар жаңы базардын ээлерине биринчи кезекте соода кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү милдеттендирилди.
Мындан сырткары, «Мадина» базарынын ээлери аймакты шаардын Башкы планына ылайык мындан ары өнүктүрүү жана көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоорду сунушташы керек.
Муниципалитет башчысы мэрияга тургундардан «Мадина» базарынын санитардык абалына, башаламан токтотулган унааларга жана коомдук тамактануучу жайлардын канааттандырарлык эмес абалына нааразы болгон кайрылуулар көп түшкөнүн белгиледи.
«Ишкерлерге кам көрүү менен бирге, шаар тургундарын да унутпашыбыз керек. Сатып алуучулар товарларды коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап талаптарга жооп берген шарттарда сатып алышы зарыл», — деп баса белгиледи Айбек Джунушалиев.
Сөзүнүн соңунда мэр шаардык базарларды модернизациялоо борбор калаанын соода инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштердин бир бөлүгү болуп саналарын белгиледи. Учурда бир катар базарларда, анын ичинде «Орто-Сай», «Кудайберген» жана «Дордой» базарларында иретке келтирүү иштери жүрүп, инфраструктураны жакшыртуу, анын ичинде жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.