Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун саат 19:00дө өтө турган ачык асман алдындагы музыкалык кечелерге чакырат.

31-июль жана 1-август күндөрү Ала-Тоо аянтындагы фонтан аймагында кыргыз эстрада  ырчылары жана чыгармачыл топтор өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Кеченин конокторун сүйүктүү музыкалык чыгармалар, майрамдык маанай жана концерттик программалар күтөт.

Баарыңыздарды жайкы жагымдуу кечтерди үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен борбор калаанын башкы аянтында көңүлдүү өткөрүүгө чакырабыз.