Бишкек шаарынын мэриясы жаңы үйлөнгөн жубайларды «Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуусу» экологиялык долбооруна катышууга чакырат. Долбоордун алкагында жаш үй-бүлөлөр өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн түптөлүшүнүн урматына бак отургузуп, жаңы үй-бүлөлүк салттын башатын түптөй алышат.
Долбоордун негизги максаты – борбор калааны жашылдандыруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык маданиятты калыптандыруу. Отургузулган ар бир бак жаңы үй-бүлөнүн символуна айланып, Бишкекти жашыл, кооз жана жашоого ыңгайлуу шаарга айлантууга кошкон салым болот.
Долбоорго катышуу үчүн https://greenair.kg/bishkek сайты аркылуу арыз калтырып, бак отургузу жерди тандап, керектүү маалыматтарды толтуруу зарыл. Каттоодон өткөндөн кийин иш-чараны уюштуруу үчүн адистер катышуучулар менен байланышат.
Жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар өздөрү алып келген көчөттү да отургуза алышат. Мында көчөт белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш жана алдын ала «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын адистери менен макулдашылышы керек. Макулдашуу үчүн сайт аркылуу арыз толтурууга же 0880 005 123 телефон номери аркылуу кайрылууга болот.
Бишкек шаарынын мэриясы жаш үй-бүлөлөрдү бул экологиялык долбоорго активдүү катышууга чакырып, борбор калааны жашылдандырууга өз салымын кошууга үндөйт. Отургузулган бак көп жылдар бою жаш үй-бүлөнүн жандуу символу болуп кала берет.