Шардык инфраструктураны өнүктүрүү жана тургундардын коопсуздугун камсыздоо программаларынын алкагында «Кырман» конушунда тышкы жарыктандыруу тармагын куруу боюнча масштабдуу иштер аяктады.
Жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө 7 чакырым 915 метр көчө заманбап жарык берүүчү жабдуулар менен камсыздалды. Бул тилкеге 124 энергияны үнөмдөөчү светодиоддук чырак жана 197 көчө чырагы орнотулуп, пайдаланууга берилди.
Заманбап светодиоддук лампаларды орнотуу караңгы кирегенде көчөлөрдү сапаттуу жана бир калыпта жарыктандыруу гана эмес, электр энергиясын керектөөнү азайтууга да мүмкүндүк берет.
Бул долбоордун ишке ашырылышы жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле жаңы конуштун тургундары үчүн ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүгө багытталган.