Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чокан Валиханов көчөсү, 2/4 дарегинде жайгашкан аймакка көчмө жыйын өткөрдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө онго жакын чарбакер субъект ишмердүүлүк жүргүзгөн тилкеде бир катар одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Муниципалдык аймакта жана жашыл зонада автоунаалар, анын ичинен мамлекеттик каттоо номери жок унаалар жайгаштырылган. Мындан сырткары, муниципалдык жерди өзүм билемдик менен пайдалануу фактылары катталды.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча мэр жооптуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.
Бишкек шаарынын  Жол кайгуул кызмат башкармалыгына мыйзам талаптарын бузуу менен токтотулган транспорт каражаттарын, анын ичинде мамлекеттик каттоо номери жок унааларды эвакуациялоону кыска мөөнөттө уюштуруу тапшырылды.

Октябрь районунун прокуратурасына аталган аймакта жайгашкан объекттердин ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү, ошондой эле муниципалдык жер участогун мыйзамсыз берүүгө жол бергендерди аныктоо милдети коюлду. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда мыйзам ченемдерине ылайык чара көрүлөт.

Муниципалдык инспекцияга жарандарды жана жабдууларды жайгаштырууда көрктөндүрүү эрежелерин бузган бардык адамдарды жоопкерчиликке тартуу тапшырылды.

Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментине унаа токтотуучу жайлардын ишин жөнгө салуучу зарыл жол белгилерин орнотуу, ошондой эле Ауэзов көчөсүнөн Чокан Валиханов көчөсүнө чейинки тилкеде унаалардын өтүүсүн камсыз кылуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Октябрь районунун акими  чарбакер субъекттер менен биргеликте ээлеген аймактын ичинде көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүү, ошондой эле чектеш аймакты тийиштүү санитардык жана эстетикалык абалга келтирүүнү камсыз кылуу милдети жүктөлдү. Бул тилке толук тартипке келтирилгенге чейин күн сайын көзөмөлгө алынат.

"Амира" кафесине карата өзүнчө тапшырма берилди — объекттин ишмердүүлүгүн санитардык ченемдерди жана мыйзам талаптарын сактоо жагынан комплекстүү текшерүү жүргүзүү тапшырылды.