2026-жылдын 30-июлунда Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын Коммерция департаменти тарабынан уюштурулган «Кытай (Шаньдун провинциясы) – Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер» аттуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча конференция болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын атынан Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып,  сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын борбор шаарынын инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.

Конференцияда  Бишкек шаарынын мэриясы менен Шаньдун провинциясынын Коммерция департаментинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документ соода-экономикалык, инвестициялык жана өнөр жай тармактарындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ишканалардын ортосундагы ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Конференциянын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Кытай мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, анда инвестицияларды тартуу, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, өнөр жай жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.