Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев курулушу аяктай элек эки объектте көчмө текшерүү жүргүзүп, курулуш иштерин жандандыруу боюнча конкреттүү мөөнөттөрдү белгиледи.
Текшерүүнүн жүрүшүндө калаа башчысы Орозбеков көчөсү, 72 дарегинде жайгашкан объектке барып, анда «Шаако Строй» ЖЧКсы төрт деңгээлдүү унаа токтотуучу жайы бар Ala Tower көп функционалдуу борборунун курулушун жүргүзүп жаткандыгы менен таанышты. Объекттин курулушу 2024-жылы башталган жана бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
«Шаако Строй» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушууда шаар мэри курулуш иштерин токтоосуз жандандырууну талап кылды.
Бул тапшырманы аткарууга бир айлык мөөнөт берилди. Эгерде белгиленген мөөнөттө курулуштун реалдуу темпи камсыздалбаса, тиешелүү кызматтарга келишимди мыйзамда белгиленген тартипте бузуу маселесин кароо тапшырылды.
Андан соң Айбек Джунушалиев Байтик Баатыр көчөсү, 60, 62 жана 64 даректеринде жайгашкан дагы бир бүтпөй жаткан курулуш объектисин текшерди. Бул жерде «Мастер Групп» ЖЧКсы көп кабаттуу турак жайлардын курулушун ишке ашырууда.
Объекттин курулушу 2014-жылы башталганына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин бүткөрүлгөн эмес.
Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар мэри бул объект боюнча да курулуш иштерин жандандыруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиледи.
Биринчи май районунун акимине тиешелүү шаардык кызматтар менен биргеликте кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды. Эгерде коюлган талаптар аткарылбаса, мыйзамдарда каралган чараларды көрүү, анын ичинде объектти мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралат.




