Бишкек шаарынын мэриясы коомдук талкууга чыгарылган Кыргыз Республикасынын Президентинин «Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын долбоорунда жеке автоунааларды пайдаланууга чектөө киргизүү же тыюу салуу боюнча ченемдер каралбаганын белгилейт.

Белгилей кетүүчү нерсе, Жарлыктын долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта шаардын транспорттук тутумунун иштешине байланыштуу учурдагы көйгөйлөр, чакырыктар жана мүмкүн болуучу тобокелдиктер чагылдырылган. Ошол эле учурда анда келтирилген маселелер талдоо жана маалымат берүү максатын гана көздөйт жана Жарлыктын долбоорунун ченемдери болуп саналбайт.

Документтин негизги максаты – борбор калаанын заманбап, коопсуз жана натыйжалуу жол-транспорт системасын өнүктүрүү. Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын 2026–2030-жылдарга өнүктүрүүнүн комплекстүү планын иштеп чыгуу каралган. Бул план жол инфраструктурасын өркүндөтүүгө, коомдук транспорттун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жол кыймылын башкаруунун заманбап технологияларын киргизүүгө багытталган.

Каралган иш-чараларды ишке ашыруу жол жүрүү убактысын кыскартууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, шаар тургундарынын кызыкчылыктарына тиешелүү бардык чечимдер коомдук талкуунун жыйынтыктарын, эксперттик коомчулуктун пикирин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен ачык-айкын жана этап-этабы менен кабыл алынат.