Шаардагы бир катар объектилерди кыдыруудан кийин Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы коомдук транспорттун аялдама комплекстеринин бирине пландан тышкары барып, жүргүнчүлөр үчүн түзүлгөн шарттарды жеринде текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө калаа башчысы объектти пайдаланууда бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Башында жүргүнчүлөрдүн ысыкта жана суукта коомдук транспортту күтүүсү үчүн каралган жай толугу менен коммерциялык максатта пайдаланылып жаткандыгы белгилүү болду. Натыйжада жүргүнчүлөр автобусту күтүп турган учурда аба ырайынан коргонууга ылайыктуу орун каралган эмес.

Айбек Джунушалиев түзүлгөн кырдаалды кескин сынга алып, аялдама комплекси эң оболу өзүнүн негизги милдетин аткарып, коомдук транспортту пайдаланган шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга тийиш экенин баса белгиледи.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр Биринчи май районунун акимине аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлуп, аялдама комплекси өзүнүн функционалдык багытына ылайык келтирилгенге чейин объекттин ишин токтотууну тапшырды.

Ошондой эле тиешелүү кызматтарга шаардагы бардык аялдама комплекстеринин өзүнүн функционалдык багытына ылайык пайдаланылышын текшерүү тапшырмасы берилди.