2026-жылдын 4-августунда саат 09:30дан тартып 5-август саат 02:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо объектилерине, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өндүрүш багытындагы башка объектилерге ичүүчү суунун берилиши убактылуу токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймактар: 3- жана 7-кичи райондору.
Ичүүчү суунун убактылуу өчүрүлүшү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, ошондой эле мекеме-уюмдарды алдын ала ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.
Урматтуу шаар тургундары! «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу өз убагында билдирмелерди алып турууну эскертебиз.
