Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө » Жарлыгын ишке ашыруу улантылууда.
Жарлыктын алкагында борбор калаанын төрт районунда муниципалдык администрациялардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ), укук коргоо органдарынын жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешмелер өткөрүлдү.
Кеңешмелердин жүрүшүндө жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу, жер мыйзамдарынын талаптарын сактоо, өз алдынча курулуштарды токтотуу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара кызматташтыгын күчөтүү маселелери каралды.
Өзгөчө көңүл калк арасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө, аныкталган мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү механизмдерин өркүндөтүүгө жана жер ресурстарын пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүүгө бурулду.
Кеңешмелердин жыйынтыгында жооптуу кызматтарга аймактардагы мониторингди күчөтүү, күн сайын рейддик иш-чараларды уюштуруу, жер мыйзамдарын бузуу фактыларын өз убагында аныктоо жана бөгөт коюуну камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.
Ошондой эле Жарлыкты аткаруунун алкагында аэрофототартуу материалдарын пайдалануу менен рейддик иш-чаралар улантылууда.
Борбор калаанын аймагында жерлерди мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу, өз алдынча курулуштарды токтотуу жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча иштер уланууда.











