Бишкек шаарынын мэриясы Жол кайгуул кызмат  башкармалыгы  менен биргеликте борбор калаанын көчө-жол тармагында тартипти камсыздоого багытталган иш-чаралардын планын ишке ашырууну баштайт.

2026-жылдын 1-августунан тартып шаар аймагында Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен токтотулган жана токтоп турган транспорт каражаттарын аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча кеңири масштабдагы рейддик иш-чаралар өткөрүлөт.

Өткөрүлө турган иш-чаралардын негизги максаттары:

жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу;

коомдук транспорттун жана ыкчам кызматтардын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылуу;

башаламан уюшулган мыйзамсыз унаа токтотууларды жоюу;

жөө адамдардын коопсуз жүрүшү үчүн тротуарларды жана жөө адамдар өтүүчү аймактарды бошотуу;

көчө-жол тармагын пайдаланууга тоскоолдук жараткан ээси каралбай калган жана узак убакыттан бери пайдаланылбаган транспорт каражаттарын аныктап, эвакуациялоо.

Рейддердин жүрүшүндө шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткан аймактарда, коомдук мейкиндиктерде, ошондой эле жашылдандыруу, оңдоо жана шаардык инфраструктуранын иштерине тоскоолдук жараткан транспорт каражаттарына өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, коомдук транспорттун аялдамаларына, жөө адамдар өтүүчү тилкелерге, кесилиштерге жана башка транспорттук инфраструктура объектилерине кирүүгө тоскоолдук жараткан, токтоо жана токтотуп туруу эрежелерин бузуу менен коюлган транспорт каражаттары өзгөчө көзөмөлгө алынат.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздин унааңыз узак убакыттан бери колдонулбай токтоп турса же кароосуз калган абалда болсо, аны өз ыктыярыңыз менен алып чыгып, аймакты иретке келтирүүнү өтүнөбүз.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык унаа ээлерин жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жол кыймылынын башка катышуучуларынын укуктарын сыйлоого жана токтоого же токтотуп турууга тыюу салынган жерлерге унааларын калтырбоого чакырат.